2023-жылдын 12-13-октябрында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргыз Республикасына расмий сапары менен келиши жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйыны өтүшү күтүлүүдө.
- 2023-жылдын 12-13-октябрында Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.
- 2023-жылдын 12-13-октябрында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргыз Республикасына расмий сапары менен келиши жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйыны өтүшү күтүлүүдө.
- Ага карата коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыздоого 4 миңден ашык кызматкер жана 250гө жакын техника тартылат.
- Иш-чаранын жүрүшүндө ички иштер органдарынын Бишкек гарнизонунун жана Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын өздүк курамы “Жогорулатылган” күжүрмөн даярдык баскычына өткөрүлөт.
- Ошондой эле бул иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти үстүбүздөгү жылдын 12-13-октябрында бардык мектептерди жана бала бакчаларды онлайн окутуу режимине өткөрүү чечимин кабыл алган.
- 2023-жылдын 12-13-октябрында жогоруда айтылган иш-чараларды өткөрүү учурунда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун шаарынын төмөнкү көчөлөрүнө мал-маалы менен чектөөлөр киргизилет.
- Алар:
- - «Манас» Эл Аралык Аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;
- - Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып, Чүй проспектисине чейин;
- -Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Манас проспектисине чейин;
- - Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;
- - «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан тартып, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейин;
- - Бишкек шаарынан чыгып, Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолу (объездная дорога) аркылуу Кант шаарына чейин, тагыраак айтканда:
- - Чүй көчөсү Манас прспектисинен тартып, Ю.Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- - Ю.Абдрахманов көчөсү Чүй көчөсүнөн тартып, Жибек-Жолу көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- - Жибек-Жолу көчөсү Ю.Абдрахманов көчөсүнөн тартып, Курманжан-Датка көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- - Алма-Ата көчөсү Жибек-Жолу көчөсүнөн тартып, чыгыш айланма (объездная дорога) жолуна чейинки бөлүгү;
- Андан ары чыгыш айланма жолу аркылуу (объездная дорога) Кант шаарына чейин.
- «Өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүнө байланыштуу киргизилген чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранабыз. Жолдордо тыгындарды болтурбоо үчүн жол эрежесин жана жолдордо жүрүм-турум маданиятын сактоону жана көрсөтүлгөн көчөлөргө унааларды калтырбооңуздарды суранабыз”.
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жол кыймылынын катышуучулары мамлекеттик маанилүү иш-чараларга байланыштуу мындай мажбурлоо чарасын киргизүүнү туура түшүнөт деп үмүттөнөт, каттамдар өзгөргөн учурда, кошумча маалымат берилет.
- ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы.