2023-жылдын 12-13-октябрында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргыз Республикасына расмий сапары менен келиши жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйыны өтүшү күтүлүүдө.

  • 2023-жылдын 12-13-октябрында Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.



  • 2023-жылдын 12-13-октябрында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргыз Республикасына расмий сапары менен келиши жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйыны өтүшү күтүлүүдө.


  • Ага карата коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыздоого 4 миңден ашык кызматкер жана 250гө жакын техника тартылат.


  • Иш-чаранын жүрүшүндө ички иштер органдарынын Бишкек гарнизонунун жана Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын өздүк курамы  “Жогорулатылган” күжүрмөн даярдык баскычына өткөрүлөт.


  • Ошондой эле бул иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти үстүбүздөгү жылдын 12-13-октябрында бардык мектептерди жана бала бакчаларды онлайн окутуу режимине өткөрүү чечимин кабыл алган.


  • 2023-жылдын 12-13-октябрында жогоруда айтылган иш-чараларды өткөрүү учурунда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун шаарынын  төмөнкү көчөлөрүнө   мал-маалы менен чектөөлөр киргизилет.
  • Алар: 
  • - «Манас» Эл Аралык Аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;


  • - Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен  тартып,   Чүй проспектисине чейин;


  • -Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Манас проспектисине чейин; 


  • - Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;


  • - «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан тартып, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейин;


  • - Бишкек шаарынан чыгып, Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолу (объездная дорога) аркылуу Кант шаарына чейин, тагыраак айтканда:


  • - Чүй көчөсү Манас прспектисинен тартып, Ю.Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү;


  • - Ю.Абдрахманов көчөсү Чүй көчөсүнөн тартып, Жибек-Жолу көчөсүнө чейинки бөлүгү;


  • - Жибек-Жолу көчөсү Ю.Абдрахманов көчөсүнөн тартып, Курманжан-Датка көчөсүнө чейинки бөлүгү;


  • - Алма-Ата көчөсү Жибек-Жолу көчөсүнөн тартып, чыгыш айланма (объездная дорога)  жолуна чейинки бөлүгү;

 

  • Андан ары чыгыш айланма жолу аркылуу (объездная дорога)  Кант шаарына чейин.


  • «Өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүнө байланыштуу киргизилген чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранабыз. Жолдордо тыгындарды болтурбоо үчүн жол эрежесин жана жолдордо жүрүм-турум маданиятын сактоону жана көрсөтүлгөн көчөлөргө унааларды калтырбооңуздарды суранабыз”.


  • Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жол кыймылынын катышуучулары мамлекеттик маанилүү иш-чараларга байланыштуу мындай мажбурлоо чарасын киргизүүнү туура түшүнөт деп үмүттөнөт, каттамдар өзгөргөн учурда, кошумча маалымат берилет.



  • ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы.