Жөө адамдардын укуктары жана милдеттери

(Бөлүмдүн аталышы КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык

4.1. Жөө адамдар тротуар же жөөчөндөр жолдору менен, ал эми булар жок болгон учурда чоң жолдун жээги менен басууга тийиш. Көлөмдүү буюмдарды ташып же көтөрүп бараткан жөө адамдар, ошондой эле кыймылдаткычы жок майыптар коляскасында бараткан адамдар, эгерде алардын тротуар же жолдун жээги боюнча кыймылы башка жөө адамдар үчүн тоскоолдук кылса, жүрүүчү жолдун чети менен жүрө алат.

Тротуарлар, жөөчөндөр жолдору же жол жээктери жок болсо, ошондой эле алар боюнча басуу мүмкүн болбосо, жөө адамдар велосипед жолдору боюнча же жүрүүчү бөлүктүн чети боюнча (ажыратуучу тилкеси бар жолдордо жүрүүчү бөлүктүн тышкы чети боюнча) бир катар баса алат.

Калктуу конуштардан тышкары жерде жүрүүчү бөлүк боюнча баратканда жөө адамдар транспорт каражаттарынын кыймылына утурлап басууга тийиш. Кыймылдаткычы жок майыптар коляскасында бараткандар, мотоциклди, мопедди айдап, велосипед тээп бараткандар мындай учурда транспорт каражаттарынын кыймылынын жүрүшү боюнча жылууга тийиш.

4.2. Жүрүүчү бөлүк боюнча уюшулган жөө колоннага транспорт каражаттарынын кыймылынын багыты боюнча гана оң тарап менен бир катарда төрт адамдан ашпастан басууга уруксат берилет. Колоннанын алдында жана артында кызыл желекчеси бар, ал эми караңгы учурда жана жол начар көрүнгөн шартта: алдыда - ак түстөгү, артта - кызыл түстөгү күйгүзүлгөн фонарлары бар коштоочулар болууга тийиш.

Балдардын топторун тротуарлар же жөөчөндөр жолдору боюнча гана, ал эми алар жокто - жолдун жээги боюнча, бирок күн жарыкта жана чоң кишилердин коштоосу менен алып жүрүүгө уруксат берилет.

4.3. Жөө адамдар жүрүүчү бөлүктөрдү жөө адам өткөөлү боюнча, анын ичинде жер алдындагы жана жер үстүндөгү өткөөлдөр боюнча, ал эми алар жокто - кесилиштердеги тротуарлардын же жол жээктеринин линиялары боюнча кесип өтүүгө тийиш.

Көзгө көрүнүп турган жерде өткөөл же кесилиш жок болгон учурда ажыратуучу тилкеси жана эки тарап тең жакшы көрүнгөн жерде тосмолор болбогон участкаларда жолдо жүрүүчү бөлүктүн четин карай тике бурч менен кесип өтүүгө болот.

4.4. Кыймыл жөнгө салынган жерлерде жөө адамдар жөнгө салуучунун же жөө адамдар светофорунун, ал эми алар жокто - транспорт светофорунун сигналдарын жетекчиликке алууга тийиш.

4.5. Жөнгө салынбаган жөө адам өткөөлдөрүндө жөө адамдар жакындап келаткан транспорт каражаттарына чейинки аралыкка, алардын ылдамдыгына баа бергенден жана жолдон өтүү алар үчүн коопсуз болоруна ынангандан кийин жүрүүчү бөлүккө чыга алат. Жөө адам өткөөлүнөн тышкары жерде транспорт жүрүүчү бөлүктү кесип өтүүдө жөө адамдар мындан тышкары, транспорт каражаттарынын кыймылына тоскоолдук түзүүгө жана жакындап келаткан транспорт каражаттарынын жоктугуна ынанбастан токтоп турган транспорт каражатынын же чөйрөнүн көрүнүшүн чектеген башка тоскоолдуктун артынан чыга калууга тийиш эмес.

4.6. Кыймылдын коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан учурларды кошпогондо, жүрүүчү бөлүккө чыккандан кийин жөө адамдар ал жерде кармалып калууга же токтолууга тийиш эмес. Өткөнгө жетишпей калган жөө адамдар карама-каршы багыттагы транспорт агымдарын бөлүп турган линияга токтоого тийиш. Андан аркы кыймыл коопсуз экендигине ынангандан кийин гана светофордун (жөнгө салуучунун) сигналын эске алуу менен жолдон өтүүнү улантууга болот.

4.7. Көк түстөгү жаркылдоочу маягы жана үн чыгаруучу атайын сигналы иштетилген транспорт каражаттары жакындан келаткан учурда жөө адамдар жүрүүчү бөлүктөн өтпөй турууга, ал эми ал жердегилер бул транспорт каражаттарына жол берүүгө жана жүрүүчү бөлүктү тез арада бошотууга милдеттүү.

4.8. Маршруттагы транспорт каражатын жана таксини жүрүүчү бөлүктөгү бир аз көтөрүлгөн отургузуучу аянтчаларда, ал эми алар жок болсо - тротуарда же жолдун жээгинде гана күтүүгө уруксат берилет. Бир аз көтөрүлгөн отургузуучу аянтчалар менен жабдылбаган токтоочу пункттарда транспорт каражатына отуруу үчүн жүрүүчү бөлүккө ал токтогондон кийин гана уруксат берилет. Түшүрүп бүткөндөн кийин кармалбастан жүрүүчү бөлүктү бошотуу зарыл.

Жүрүүчү бөлүк аркылуу токтоочу пунктту карай же андан артты карай баратканда жөө адамдар Эрежелердин 4.4.- 4.7.-пункттарынын талаптарын жетекчиликке алууга тийиш.

4.9. Жөө адам төмөнкүлөргө укуктуу:

- жашоого жана ден соолукка;

- жолду жана транспорт каражатты пайдаланууга;

- жолдордун абалы жөнүндө маалымат алууга;

- тез медициналык жардам алууга;

- ички иштер органдарынын ыйгарым укуктуу кызматкерлери аны кармагандыгынын себебин билүүгө.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык)