Атайын сигналдарды колдонуу

3.1. Оперативдүү жана атайын кызматтардын транспорт каражаттарынын айдоочулары кечиктирилгис кызматтык милдеттерди аткарып жатканда көк түстөгү жаркылдоочу маякты иштетүү менен Эрежелердин 6 (жөнгө салуучунун сигналдарынан тышкары), 8-18-бөлүмдөрүнүн талаптарынан, Эрежелердин 1- жана 2-тиркемелеринин жоболорунан четтей алат, мында кыймылдын коопсуздугу камсыз кылынууга тийиш.

3.2. Көк түстөгү жаркылдоочу маякка кошумча иретинде кызыл түстөгү маяк иштетилиши мүмкүн.

Кыймылдын башка катышуучуларына караганда артыкчылык алуу үчүн мындай транспорт каражаттарынын айдоочулары көк түстөгү жаркылдоочу маякты же үн чыгаруучу атайын сигналды иштетүүгө тийиш. Булар өздөрүнө жол берилип жаткандыгына ынангандан кийин гана артыкчылыктан пайдалана алат.

Ушундай эле укукту оперативдүү жана атайын кызматтардын транспорт каражаттары менен коштолгон транспорт каражаттарынын айдоочулары Эрежелердин ушул пунктунда белгиленген учурларда пайдалана алат.

3.3. Көк түстөгү жаркылдоочу маягы же үн чыгаруучу атайын сигналы иштетилген транспорт каражаттары жакындап келаткан учурда алардын жана алар коштогон, фараларынын жакынкы жарыктары иштетилүүгө тийиш болгон башка транспорт каражаттарынын тоскоолдуксуз өтүшүн камсыз кылуу үчүн айдоочулар жол берүүгө тийиш.

Көк жана кызыл түстөгү жандырылган маягы жана атайын үн сигналы менен бараткан транспорт каражатты, ошондой эле ал коштоп жүргөн транспорт каражатты (транспорт каражаттарды) кууп өтүүгө тыюу салынат.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык)

3.4. Көк түстөгү жаркылдоочу маягы иштеп бир ордунда турган транспорт каражатына жакындаганда айдоочу зарылчылык болсо тез токтой алышы үчүн ылдамдыкты азайтууга тийиш.

3.5. Күрөң-сары же сары түстөгү жаркылдоочу маягы иштетилген транспорт каражаттарынын айдоочулары жолдо курулуш, оңдоо же тазалоо иштерин аткарып жаткан учурда жол белгилеринин жана чийиндеринин, ошондой эле Эрежелердин 9.4-9.8 жана 16.1-пункттарынын талаптарынан четтей алат, мында "кыймылдын коопсуздугун камсыз кылат. Башка айдоочулар алардын ишине тоскоолдук кылууга тийиш эмес.

Аталган жарык чыгаруучу маяктар оор салмактагы жүктөрдү, жарылгыч, тез от алуучу, радиоактивдүү жана коркунучтуулук даражасы жогору уулуу заттарды ташыган же коштогон транспорт каражаттарда Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ыйгарым укуктуу подразделениесинин уруксаты менен колдонулушу мүмкүн.

Күрөң-сары же сары түстөгү жаркылдоочу маяк кыймыл учурунда артыкчылык бербейт жана коркунуч жөнүндө кыймылдын башка катышуучуларына эскертүү үчүн кызмат кылат.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык)