Велосипеддердин, мопеддердин, арабалардын кыймылына, ошондой эле мал айдоого кошумча талаптар

24.1. Жолдор менен баратканда велосипед тебүүгө, арабаны (чананы) айдоого, көлүк, минилүүчү малды жана малдын тобун айдоого 14 жаштан ашкан, мопедди айдоого - 16 жаштан ашкан адамдарга уруксат берилет.

Эскертүү: Кыргыз Республикасында көрсөтүлгөн курактык ценз төмөндөтүлүшү мүмкүн, бирок ал 2 жылдан ашпайт жана велосипеддин, мопеддин жана арабанын (чананын) айдоочусунда алар Эрежелерди жана Негизги жоболорду билишин ырастаган документтердин, ал эми бул транспорт каражаттарында - атайын каттоо белгисинин болушун караган тартип белгилениши мүмкүн.

24.2. Велосипеддер, мопеддер, арабалар (чаналар), минилүүчү жана көлүк малдар эң оң жактагы тилке боюнча бир катар, мүмкүн болушунча оң тарапка жакын жүрүүгө тийиш. Эгерде жөө адамдарга тоскоолдук кылбаса, жолдун чети менен жүрүүгө жол берилет.

Жүрүүчү бөлүк менен баратканда велосипедчендердин, арабалардын (чаналардын), минилүүчү жана көлүк малдардын колонналары 10 дон велосипедчендердин, минилүүчү жана көлүк малдардын жана 5тен арабалардын (чаналардын) топторуна бөлүнүүгө тийиш. Озуп өтүүнү жеңилдетүү үчүн бул топтордун ортосундагы аралык 80-100 метрди түзүүгө тийиш.

24.3. Велосипеддин жана мопеддин айдоочуларына төмөнкүлөргө тыюу салынат:

рулду жок дегенде бир кол менен кармабай айдоого;

жүргүнчүлөрдү ташууга, буга 7 жашка чейинки курактагы балдарды бекем бекитилген бут койгуч менен жабдылган кошумча отургучта ташуу кирбейт;

узундугу же туурасы боюнча габариттен 0,5 метрден көп ашкан жүктү же башкарууга тоскоолдук кылган жүктү ташууга;

катар жерде велосипед жолу бар туруп жол менен жүрүүгө;

трамвай кыймылы бар жолдордо жана бир багыттагы кыймыл үчүн бирден ашык тилкеси бар жолдордо солго бурулууга же артка кайрылууга.

Велосипеддерди жана мопеддерди сүйрөтүүгө, ошондой эле велосипед жана мопед менен сүйрөтүүгө тыюу салынат, буга велосипед же мопед менен пайдаланууга арналган чиркегичти сүйрөө кирбейт.

24.4. Велосипед жолу кесилиштерден тышкары жерде жол менен жөнгө салынбаган кесилиште кесилишкенде велосипеддин жана мопеддин айдоочусу бул жолдо келаткан транспорт каражаттарына жол берүүгө тийиш.

Арабанын (чананын) айдоочусу жамаатташ аймактан же экинчи даражадагы жолдон чоң жолго чыкканда айлана чектелүү көрүнгөн жерде малды тизгиндөөгө тийиш.

24.5. Малды жол аркылуу, эреже катары, күндүзү айдоо керек. Жергиликтүү маанидеги жолдорду кошпогондо, аларды автомобиль жолдорунун боюна жана газондорго жаюуга тыюу салынат. Мал айдагандар малды мүмкүн болушунча жолдун оң жагына жакын айдоого тийиш.

24.6. Малды темир жол аркылуу айдап өтүүдө мал анын айдоочуларын эске алуу менен ар бир топту коопсуз түрдө айдап өткүдөй сандагы топторго бөлүнүүгө тийиш.

24.7. Арабаны (чананы), минилүүчү, көлүк малдарды жана малдын тобун айдоочуларга төмөнкүлөргө тыюу салынат:

малды жолго кароосуз калтырууга;

атайын бөлүнгөн жерлерден башка жерде, ошондой эле караңгыда жана айлана начар көрүнгөн шартта малды темир жол жана жол аркылуу айдоого (буга ар кандай деңгээлдеги мал айдоочу жерлер кирбейт);

башка жолдор бар туруп асфальт жана цемент-бетон төшөлгөн жол боюнча мал айдоого;

чегилбеген малды кыймылдын багытында арабадан бир метрден ашпаган аралыкка оң жакка байлабастан арабаны (чананы) башкарууга.