Адамдарды ташуу

22.1. Адамдарды жүк ташуучу автомобилдин кузовунда "С" категориясындагы (кабинадагы жүргүнчүлөрдү кошкондо 8ден ашык адамды ташууда - "С" жана "Д" категорияларындагы) транспорт каражаттарын башкаруу укугуна күбөлүгү жана бул категориядагы транспорт каражаттарын башкаруунун 3 жылдан ашык стажы бар айдоочулар ташый алат.

Эскертүү:

  1. Жүк ташуучу жана жүргүнчү транспорт каражаттарында адамдарды ташууга айдоочуларга, анын ичинде аскер айдоочуларына Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген өзгөчө тартипте жол берилет.
  2. Автобустун айдоочусу катары 3 жылдан ашык үзгүлтүксүз эмгек стажы бар айдоочуларга эл аралык, шаарлар аралык жана тоолуу маршруттарда автобус айдоого уруксат берилет.

22.2. Борт платформасы бар жүк ташуучу автомобилдин кузовунда адамдарды ташуу, эгерде ал Негизги жоболорго ылайык жабдылган болсо, уруксат берилет, мында балдарды өзгөчө учурларда гана ташууга уруксат берилет.

22.3. Жүк ташуучу автомобилдин кузовунда ташылуучу адамдардын саны отуруу үчүн жабдылган орундардын санынан ашууга тийиш эмес.

22.4. Ордунан жылаар алдында жүк ташуучу автомобилдин айдоочусу кузовго отургузуунун, андан түшүрүүнүн жана жайгаштыруунун тартиби жөнүндө жүргүнчүлөргө түшүндүрмө берүүгө тийиш. Жүргүнчүлөрдү коопсуз ташуу шарттары камсыз болгондугуна ынангандан кийин гана кыймылды баштоого тийиш. Борт платформасы бар, бирок адамдарды ташуу үчүн жабдылбаган жүк ташуучу автомобилдин кузовуна түшүүгө жүктү коштоп же аны алуу үчүн бараткан адамдарга борттун деңгээлинен төмөн жайгашкан отуруучу орун менен камсыз кылынган шартта гана уруксат берилет. 22.6. Автобуста же фургон кузову бар жүк ташуучу автомобилде топ балдарды ташууда алар менен бирге коштоп жүрүүчү чоң киши, ал эми борт платформасы бар жүк ташуучу автомобилдин кузовунда - кеминде эки киши болууга тийиш. Бул транспорт каражаттарында алдында жана артында "Балдарды ташуу" деген таануу белгиси орнотулууга тийиш. 22.7. Айдоочу транспорт каражаты толук токтогондон кийин гана жүргүнчүлөрдү отургузууга жана түшүрүүгө, ал эми кыймылды эшиктери жабылгандан кийин гана баштоого жана аны толук токтогонго чейин ачпоого тийиш. 22.8. Адамдарды төмөнкүчө ташууга тыюу салынат: автомобилдин (буга борт платформасы бар жүк ташуучу автомобилдин кузовунда же фургондун кузовунда жүргүнчүлөрдү ташуу кирбейт), трактордун, өзү жүрүүчү башка машиналардын кабинасынан тышкары, жүк ташуучу чиркегичте, дача чиркегичте, жүк ташуучу мотоциклдин кузовунда жана отуруу үчүн мотоциклде конструкция тарабынан каралгандан башка жерде; 12 жашка чейинки курактагы балдарды эсептебегенде, транспорт каражатынын техникалык мүнөздөмөсүндө каралгандан ашык санда. Мында транспорт каражатынын иш жүзүндөгү массасы аны чыгарган ишкана белгилеген уруксат берилген максималдуу массанын чоңдугунан ашууга тийиш эмес. Балдарды кармап туруучу атайын түзүлүшү жок болсо, 12 жашка чейинки курактагы балдарды мотоциклдин арткы орундугуна, ошондой эле жеңил автомобилдин алдыңкы орундугуна отургузуп ташууга тыюу салынат.