Маршруттагы транспорт каражаттарынын артыкчылыгы

18.1. Кесилиштен тышкары трамвай жолдору жүрүүчү бөлүктү кесип өткөн жерде трамвай рельсасыз транспорт каражаттарына караганда артыкчылыкка ээ, буга деподон чыга берген учурлар кирбейт.

18.2. 5.9, 5.10.1-5.10.3 белгилери менен көрсөтүлгөн маршруттагы транспорт каражаттары үчүн тилкеси бар жолдордо бул тилке боюнча башка транспорт каражаттарынын кыймылына жана токтошуна тыюу салынат.

Эгерде бул тилке калган жүрүүчү бөлүктөн үзүк-үзүк чийин менен ажыратылган болсо, анда бурулуштарда транспорт каражаттары ага өтүүгө тийиш. Мындай жерлерде жолго кире бергенде жана жүрүүчү бөлүктүн оң четинен жүргүнчүлөрдү отургузуу жана жерге түшүрүү үчүн бул тилкеге кирүүгө уруксат берилет, мында ал маршруттагы транспорт каражаттарына тоскоолдук кылууга тийиш эмес.

18.3. Калктуу конуштарда айдоочулар белгиленген аялдамадан жыла баштаган троллейбустар менен автобустарга жол берүүгө тийиш. Троллейбустар менен автобустардын айдоочулары өздөрүнө жол берилип жаткандыгына ынангандан кийин гана кыймылды баштай алат.