Транспорт каражаттын аялдашы жана токтоп турушу

12.1. Транспорт каражаттарына жолдун оң тарабындагы четине, эгер андай жер болбосо жүрүүчү тилкенин четине токтоого жана токтоп турууга уруксат берилет.

Жолду сол тарабында кыймылды токтотуу жана токтоп туруу ортосунда трамвай жолу жок болгон ар бир багыт үчүн бир кыймыл тилкеси бар жолдордо жана бир тараптуу кыймылдагы жолдордо уруксат берилет (уруксат берилген максималдуу массасы 3,5 тоннадан ашык болгон жүк ташуучу автомобилдерге бир тараптуу кыймылы бар жолдун сол тарабына жүктөө же түшүрүү үчүн токтоого гана уруксат берилет).

12.2. Транспорт каражатын жүрүүчү бөлүктүн четине параллель кылып бир катар токтотуп коюуга уруксат берилет, буга конфигурациясы (жүрүүчү бөлүктүн жергиликтүү кеңейиши) транспорт каражаттарынын башкача жайгашуусуна жол берген жерлер кирбейт. Капталындагы чиркегичи болбогон эки дөңгөлөктүү транспорт каражаттарын эки катар токтоп коюуга жол берилет.

Жүрүүчү бөлүк менен чектешкен тротуардын четине токтоп турууга (токтотуп коюуга) жеңил автомобилдерге, мотоциклдерге, мопеддерге жана велосипеддерге гана уруксат берилет, мында бул жөө адамдардын кыймылына тоскоолдук кылууга тийиш эмес.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык)

12.3. Калктуу конуштардан тышкары жерлерде узакка эс алуу, түнөө жана ушул сыяктуу максатта токтоп турууга бул үчүн каралган аянтчаларда же жолдон тышкары жерде гана уруксат берилет.

12.4. Транспорт каражаттарды токтоого жана токтоп турууга төмөнкүдөй жерлерде тыюу салынат:

эгерде трамвайдын кыймылына тоскоолдук кылса, трамвай жолдорунда, ошондой эле ага түздөн-түз жакын жерде;

темир жол өткөөлдөрүндө, тоннелдерде, ошондой эле эстакадаларда, көпүрөлөрдө, жол өткөөлдөрүндө (эгерде бир багытта жүрүү үчүн үчтөн аз тилке болсо) жана алардын алдында;

туташ чийин (буга жүрүүчү бөлүктүн четин билдирген чийин кирбейт) менен токтогон транспорт каражатынын ортосундагы аралык 3 метрден аз болгон жерлерде;

жөө адам өткөөлдөрүндө жана ага чейин 5 метрден жакын жерде;

жок дегенде бир багытта жолдун 100 метрден аз көрүнгөн учурда коркунучтуу бурулуштарга жана жолдун узатасынан дөмпөгүнө жакын жүрүүчү бөлүктө;

аялдама аянтчаларына, ал эми алар жокто - маршруттагы транспорт каражаттарынын же таксинин аялдама көрсөткүчүнө 15 метрден жакын жерде, эгерде бул алардын кыймылына тоскоолдук кылса;

транспорт каражаты светофордун сигналдарын, жол белгилерин башка айдоочулардан калкалап калган же башка транспорт каражаттарынын кыймылына (киришине же чыгышына) мүмкүндүк бербеген же жөө адамдардын кыймылына тоскоолдук кылган жерлерде;

- кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда ички иштер органдарыныкынан жана атайын кызматтардыкынан башка транспорт каражаттарды көчөлөрдүн жана жолдордун жүрүүчү бөлүктөрүнүн коопсуздук аралчасына токтотуп коюуга.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык)

12.5. Транспорт каражаттарына токтоп турууга төмөнкүдөй жерлерде тыюу салынат:

калктуу конуштардан тышкаркы жерлерде 2.1. белгиси менен көрсөтүлгөн жолдордун жүрүүчү бөлүгүнө;

темир жол өткөөлдөрүнө 50 метрден жакын жерде.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык)

12.6. Токтоого тыюу салынган жерлерде аргасыздан токтогон учурда айдоочу транспорт каражатын бул жерден алып коюу үчүн мүмкүн болгон бардык чараларды көрүүгө тийиш.

12.7. Транспорт каражатынын эшигинин ачылып турушу кыймылдын башка катышуучуларына тоскоолдук кылса, эшикти ачып коюуга тыюу салынат.

12.8. Эгерде айдоочу транспорт каражатынын өз алдынча жүрүп кетишин же айдоочу жокто пайдаланылышын четтеткен бардык чараларды көргөн болсо, ал ордун таштап же транспорт каражатын калтырып кете алат.

12.9. Жол кыймылына тоскоол болгон транспорт каражаттарды токтотуунун (коюунун) эрежесин бузганы үчүн мажбурлап эвакуациялоого (айдоочусу жок болсо), дөңгөлөктүн блокираторлордун же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонууга жол берилет.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык)