Ыссык-Көл облусунун аймагында рейддик иш-чара жүрүүдө.

Ыссык-Көл облустук ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан жол кырсыктарын алдыналуу максатында “Рулдамын” аталыштагы рейддик иш-чара жүрүүдө.  

Ыссык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тарабынан Ыссык-Көл облусунун аймагында 14-февралдан баштап 18-февралга чейин жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында “Рулдамын” аталыштагы рейддик иш-чара жүрүүдө.  

Рейддик иш-чаранын негизги максаты облус аймагында болупжаткан жол кырсыктарын азайтуу, алдын алуу, болтурбоо, коомдук жайларда жарандардын жана жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу.

Аталган рейддик иш-чаранын алкагында облус аймагында жалпы жонунан жол эрежесин бузган 400 дөн ашык фактылар аныкталып, анын ичинен мас абалда автоунаа башкарган 20 айдоочу аныкталган. 25 автоунаа атайын айып пул төлөнүүчү аянт чаларга токтотулду.

Ошондой эле, Ыссык-Көл облустук ЖКККБнын кызматкерлери айдоочулар менен тушүндүрүү иштерин жүргүзүп, жол эрежелерин так сактап жол кырсыктарынан тышкары болуусун айтышты.