Урматтуу айдоочу автоунааны айда, бирок аралыкты сакта

2018 - жылдын 13 - февраль күнү  эртең менен саат 09:30 чамасында  31 жаштагы Ж.Н. аттуу жаран “Ауди100” үлгүсүндөгү автоунааны башкаруу менен Жусуп Абдырахманов көчөсүнөн түндүктү карай келе жатып, автотранспорт каражаттарын айдоодо аралык коопсуздугун сактабагандыгынын кесепетинен  алдыда келе жаткан троллейбусту сүзүп, андан соң токтобой, жолун улантканда башка  “Хонда Клик”  үлгүсүндөгү автоунааны сүзгөн.


Жол кырсыгынын кесепетинен, “Хонда Клик” үлгүсүндөгү  автоунаадагы эки жүргүнчү жаракаталышып,  тез жардам чакырылып, ооруканага жөнөтүлдү.


Окуя болгон жерге Бишкек ШИИББдин ЖКККБнын нөөмөт бөлүгүнүн кызматкерлери келишип, иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө.