Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери “Жөө жүргүнчү!” аталышындагы иш-чарасын улантышууда

Бишкек шаарынын аймагында, жөө жүргүнчүлөр тарабынан жол кыймылынын эрежелерин бузгандарга карата чара көрүлүүдө. Иш чаранын максаты-жөө жүргүнчүлөр катышкан жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо. Иш-чаранын жүрүшүндө улгайган адамдар  гана эскертүү менен чектелишет. Калган жөө жүргүнчүлөргө: жолдо туура эмес өткөндүгү үчүн мыйзамдын негизинде тиешелүү чаралар көрүлөт.


“Көпчүлүк элебиздин жарандарыбыз, эч нерсе деле болбойт деген ойдо, бирок ошол жол кыймылынын эрежесин бузган жараан жол кырсыгынын күнөөкөрү болуп калып жатпайбы. Капысынан чыга калса же туураа эмес жерден өткөн маалда айдоочулар токтоно албай калып кырсыкка учураган учурлар да кездешет.”-дейт Бишкек шаары боюнча ЖКККБнын тескөөчүсү.


Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочуларды токтотуп, протокол түзүү үчүн тиешелүү документтерин сураган учурда алар жарандык документим, күбөлүгүм же паспортум жок деп айыптан качуу айла-амалын кылган дагы болбоорун, анткени ЖКККБы кызматкерлери менен биргеликте аймактык тескөөчүлөр дагы кызмат өтөп жатышкандыктан, жарандык документи жоктор жакынкы милиция бөлүмдөрүнө өздүгүн тактоо үчүн жеткиришери эскертилет.


“Мен мындай иш-чара өткөрүүнү туураа көрөм.Өзүм жол кыймылынын эрежесин так сактап, коопсуздугума маани берем. Бирок көпчүлүк учурда жол кырсыктары жөө жүргүнчүлөрдүн айынан болот”- деди ошол жерде иш-чарага көз салып турган айдоочу.


Жол кырсыгынын статистикасын карасак, 2017-жылы Бишкек шаарында эле жөө жүргүчүлөрдү сүзүп кетүү факты 54,4% га өскөн. Былтыр, Бишкек шаарында 1236 жөө жүргүнчүнү унаа сүзүп, андан 34 адамказа болуп, 1537 адам денесинен ар кандай жаракаттарды алган. Алардын арасында 280ни жаш өспүрүмдөр. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери жол кыймылынын катышуучулары айдоочулар кана эмес, жөө жүргүнчүлөр дагы кирээрин эскертип, эми көзөмөлдү күчөтүү иштерин баштады.


Бишкек шаары боюнча ЖКККБнын тескөөчүлөрү тарабынан март айынын башынан бери жөө жүргүнчүлөргө жүздөн ашык административдик протоколдор түзүлүп, чаралар көрүлүүдө. Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББы, көзөмөлдү күчөтүү, жөө жүргүнчүлөргө чара көрүү негизги максат эмес, биздин максат жөө жүргүнчүлөрүбүздүн коопсуздугуна жана ден соолугуна кам көрүү. Жөө жүргүнчүлөрдүн кайдыгердиги бул үй-бүлөөсүнүн жана айдоочунун башына түшкөн мүшкүл иш экенин эскертет.