Ош облусунун аймагында 2018-жылдын январь ай ичинде ар кандай алдын алуу боюнча профилактикалык рейддер уюштурулуп өткөрүлдү

Ош облусу ЖКККБмү тарабынан Ош облусунун аймагында 2018-жылдын январь ай ичинде ар кандай алдын алуу боюнча профилактикалык рейддер уюштурулуп өткөрүлдү. Мисалга алсак, "Рулда", "Кошумча жабдык", Тайгак жол, "Бахус", "Коопсуз кыймыл","Каникул, "Айдоочу абайла" жана "Тайгак жол" аталыштагы рейддер өткөрүлдү.


Рейд убагында жалпы болуп – 4714 жол эрежесин бузган айдоочулар аныкталып, алардын ичинен транспорт каражатын мас абалда башкаргандар – 87, транспорт каражатын техникалык кароодон өткөзбөгөн 28 айдоочу, автоунаанын алдынкы айнегин карангылатып алган 8 айдоочу кармалып, аларга карата административдик протоколдор түзүлдү.


Ошондой эле 21 айдоочу автоунааны мамлекеттик белгиси жок айдап жүргөн, ал эми жол белгисине баш ийбеген 1315 айдоочуга административдик протокол түзүлдү.

ЖКККБнун убактылуу атайын автоунаа токтотуучу жайына - 235 унаа токтотулду.

Андан сырткары мектептерде сабак башталары алдында ЖККК кызматкерлери окуучуларды чон жолдон өтүшүнө көмөктөшүп окуучулар арасында жол эрежесин сактоо боюнча сабактарды өткөрүшүүдө.