ЖККББ: Жалал-Абад ОИИБы боюнча ЖКККБнүн кызматкерлери рейддик иш-чара өткөрдү.

Рейдди өткөрүү максаты - жаркырак маякчалар жанабийик үн чыгаргычтар менен жабдылган атайын багыттагы автоунаанын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоо, андан сырткары, айдоочуларга атайын бийик үн чыгаргычтарыбар унааларды тоскоолдуксуз өткөрүүсүнө жогорку деңгээлде көңүл бурууларынэстетүү.

Рейддин натыйжасында тез жардам авто унаасына жолтоо болгондугу үчүн Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 231 беренесинин негизинде 77 унаа айдоочуларына  административдик протокол түзүлгөн.


Жалал-Абад ОИИБы боюнча ЖККК бөлумү Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 231-берененин1-бөлүгү: Транспорт каражаттарынын жолдо жүрүү эрежелерин бузушу же жол кыймылына тоскоолдук кылышы, ошого тете болгон жаркырак маякчалар жана атайын бийик үн чыгаргычтар менен жабдылган атайын даярдалган автоунаалар мененмотоциклдердин тоскоолдуксуз жүрүшүн камсыз кылбаса эсептешүү көрсөткүчүнүн бешөлчөмүндө (500 сом) административдик айып түзөөрүн эскертет, жана жолкыймылынын катышуучуларын аймактын көчөлөрүндө сак болууга жана бири-биринсыйлоого, урматтоого чакырат.

Айдоочу, сенин жол кыймылынын эрежелерин бузганың кимдир-бирөөнүн өмүрү турат.

Бийик ун, жарык чыгаргычтар менен жабдылган атайын багыттагы автоунааларга туура түшүнүү менен жол бошотуп берүүңүздөрдү суранат!