КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-декабрындагы № 833 токтому

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 2441-беренесин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын «Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө», «Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» мыйзамдарына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана
17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын
4-августундагы № 421 «Жолдо жүрүүнүн эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кызмат адамдарынын жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча Негизги жоболорду бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жолдо жүрүүнүн эрежелеринде:

- 1.1-пунктунун сегизинчи абзацы «укуктук актылар» деген сөздөрдөн кийин «, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса» деген сөздөр менен толукталсын;

- 2.1.1-пунктчасында:

жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Коркунучтуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин же жүргүнчүлөрдү акы үчүн же жалдоо боюнча ташууну жүзөгө ашырууда ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдында жарандык жоопкерчилигин, ал эми эл аралык автомобилдик ташууларды аткарууда – Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларда милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полиси.»;

төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

«Колдонуудагы мыйзамдарда түз каралган учурларда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу эрежелеринде каралган лицензияны жана документтерди алып жүрүүгө жана текшерүү үчүн автомобиль транспортунун ишин жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерине берүүгө.»;

- 2.8-пунктунда:

алтынчы абзацындагы «Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын» деген сөздөр «Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүнүштөрүнүн» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«транспорт каражатын эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, ал эми эл аралык автомобилдик ташууларды аткарууда – Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген эмгек жана эс алуу режимин бузуу менен башкарууга;»;

төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:

«коркунучтуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин же жүргүнчүлөрдү акы үчүн же жалдоо боюнча ташууну жүзөгө ашырууда ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдында жарандык жоопкерчилигин, ал эми эл аралык автомобилдик ташууларды аткарууда – Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларда милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полиси жанында болбогон адамдын транспорт каражатын пайдаланууга;»;

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кызмат адамдарынын жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча Негизги жоболорунда:

- 1-пунктундагы «Мамлекеттик автомобиль инспекциясында» деген сөздөр «транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 11-пунктунда:

түрдүү жөндөмөдөгү «Мамлекеттик автомобиль инспекциясы» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүнүштөрү» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

«коркунучтуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин же жүргүнчүлөрдү акы үчүн же жалдоо боюнча ташууну жүзөгө ашырууда ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдында жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзбөгөн адамдардын транспорт каражаттары;»;

- 12-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

«коркунучтуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин же жүргүнчүлөрдү акы үчүн же жалдоо боюнча ташууну жүзөгө ашырууда ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдында жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзбөгөн адамдардын транспорт каражаттарын линияга чыгарууга;»;

- Негизги жоболордун 1-тиркемесинин 7.19-пунктундагы «ИИМ Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын органдарынын» деген сөздөр «жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүнүштөрүнүн» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы:

- коркунучтуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин жана жүргүнчүлөрдү акы үчүн же жалдоо боюнча ташууну жүзөгө ашырууда ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдында жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу маселеси боюнча калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн;

- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүшсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын
1-апрелинен тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                    С.Ж.Исаков