Нарын облусунун аймагында “Авторозыск” аталыштагы рейд өткөрүлдү.

Рейд убагында облустун аймагындагы автоунаа оңдоп түзөөчү жайлары толугу менен текшерилип, уруксаты жок автоунаа оңдоп түзөгөн 6 адамга Администратициялык жоопкерчилик  жөнүндө кодексинин 213-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде административдик протокол түзүлдү.




Мындан тышкары мыйзамсыз окатуучу курал (сайсыз мылтык "16" - 1 даана, сайлуу мылтык "ТОЗ8"- 1 даана) алып жүргөн жеринин АУДИ -С4 үлгүсүндөгү автоунаа Нарын облусу боюнча ЖКККБнын ЖКККБ СБнын кызматкерлери тарабынан кармалып, Нарын ШИИБно өткөрүлүп берилди.




Жол эрежеси боюнча баардыгы 268 административдик протокол түзүлдү.