Жалал-абад областында ЖККК бөлүмү “Кайражабдуу” аттуу рейддик иш чара өтүүдө

2018-жылдын 19-январдан  3-февралга чейин  Жалал-абад областында ЖКККнын инспекторлору тарабынан “Кайражабдуу” рейддик иш чара өтүүдө. Рейддин негизги  максаты  белгиленген ченемдерди жана стандарттарды бузуу менен транспорт каражаттарындагы  Жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу жана уруксатысыз  транспорт каражаттарын аныктоо болуп саналат.

Рейддин алкагында-1275 ЖКЭни бузуулар катталып. Мас абалында башкаруу боюнча 28-айдоочу кармалган. Тийиштүү документтери жок айдоочуларга - 23 административдик протоколдор түзүлгөн. Ар кандай жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочулар атайын штрафтык аянтка- 56 автоунаа токтотулган. Уруксатысыз автоунааны  башкаруу үчүн -1 айдоочу катталган. Унаанын алдыңкы  терезелерин караңгылатуу  боюнча – 5 айдоочу кармалаган. Коркунучтуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бузгандыгы  үчүн  21-айдоочуга чара көрүлгөн.