Чүй облустук ЖКККБнын кызматкерлери Чүй районунан жүргүнчүнү сүзүп качкан айдоочуну Кемин районунан кармашты

2018-жылдын 20-январь күнүболжол менен саат 19.30 чамасында “Бишкек-Нарын-Торугарт” унаа жолунун 59-чакырымындаЧүй районунун Арал айылынан белгисиз айдоочу белгисиз унааны башкарып келе жатыпжол тилкесинен түштүктү карай өтүп бара жаткан жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгонжерден качып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен, Токмок шаарынын 42-жаштагы тургунуалган жаракаттарынан жол кырсыгы болгон жерде каза болгон. Жол кырсыгы Чүй РИИБде катталып, бул факты боюнча Чүйоблустук ЖКККБнын Чүй, Кемин райондук жана Токмок шаардык ЖКККБнын издөө бөлүмүнүнкызматкерлери ыкчам-издөө иштерин жүргүзүп, жол кырсыгы болгон жерге жакын жайгашканвидео-көзөмөл камераларын карап чыгып, болжол менен ошол маалда өткөн унаалардыиликтөө менен, күмүш түстөгү унааны аныкташкан.

Унааларды каттоо бөлүмүнөн эки жүздөн ашык автоунаалардынкаттоо тизмесин алып, ар бирине текшерүү жүргүзүүнүн натыйжасында, Кемин районунунайылдарынын биринен маңдайы ийилген, жарык берүүчү фарасы алмашылган “Ниссан-Примьера”үлгүсүндөгү автоунаа шектелип, ээсин суракка алган учурда, күнөөсүн толугу мененмойнуна алган.




Ал эми, “Ниссан-Примьера” үлгүсүндөгү автоунаа Чүй райондук ИИБнин атайын токтотулуучу жайына киргизилип, 52 жаштагы А.С. ааттуу унаанын ээси тергөө кызматынын тергөөчүсүнө өткөрүлүп берилди. Жол кырсыгы боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси менен кылмыш иши козголуп, айдоочу убактылуу камалуучу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.