Бишкек шаарынын ЖКККБнын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери киши каза болгон жол транспорттук кырсыгын изи сууй электе аныкташты

2018-жылдын 20 январында болжол менен 19:30 чамасында, Бишкек шаарынын ЖКККБ нөөмөт бөлүмүнө  Садырбаев – Т.Магистралдын кесилишинде курагы 55-60 жаштардагы азият улутундагы жаранды сүзүп кеткен жанаандан алган жаракатынан улам эсине келе албай, көз жумгандыгы тууралуу маалыматкелип тушкөн.

Бишкек шаары боюнча ЖКККБнын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында  жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен 29 жаштагы шектүү жаран кармалган.

Спирт ичимдигин ичкендиги аныкталган.  Кармалганжаран   ошол  күнү  үй-бүлөсү менен иш-чарадан кележатканын жана кырсык болгондон соң, балдары  ыйлагандыгынан коркуп качыпкеткени менен түшүндүргөн.  


     


Учурда бардык зарыл болгон экспертиза дайындалып, тергөө иштери башталды.