Чүй ОИИББы боюнча ЖКККБнын кызматкерлери

Чүйоблустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тарабынан Чүйоблусунун Аламүдин районунун аймагында жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында иш-чара өткөрүлүп, жол эрежелерин одоно бузган айдоочуларга карата тиешелүү чараларды көрүштү.

Жогорудагы рейд Чүй облустук ЖКККБы тарабынан 2018-жылдын 3-март күнү өткөрүлгөн. Иш-чаранын негизги максаты район аймагында болуп жаткан жол кырсыктарын азайтуу, алдын алуу, болтурбоо жана жол кыймылынын катышуучуларынын арасында одоно жол бузган айдоочуларга карата тиешелүү чараларды көрүү. Аталган рейддик иш-чаранын алкагында район аймагында жалпы жонунан жол эрежесин бузган 176 факты аныкталса, анын ичинен 1 айдоочуга мыйзам чегинде каттоодон өткөрүлбөгөн унаа башкарган үчүн 5 айдоочуга автоунааларын жогорку ылдамдыкта башкаргандыгы, 8 айдоочуга унааны уруксатсыз кайрадан жабдуулап башкаргандыгы, 2 айдоочуга унаанын терезелерин караңгылатып башкаргандыгы, 36 айдоочуга тийиштүү документтери жок унаа башкаргандыгы үчүн, ошондой эле, андан башка жол кыймылынын эрежелерин бузган 124 айдоочуга административдик протоколдор түзүлүп, 35 автоунаа атайын айып төлөнүүчү аянтчаларга токтотулду.