ЖКККББнын бир жумалык жыйынтыгы

Жол кырсыктарын болтурбоо жана алдын алуу, одоно жана жол кырсыктарына алып келүүчү жол эреже бузууларына чара көрүү максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан 2018 - жылдын 26 - февралынан 04-мартына чейин республика аймагында “Рулда” аттуу профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Иш чаранын алкагында жол кыймылынын эрежелерин бузган жалпысынан 23808 айдоочуга административдик протоколдор түзүлдү.

Алардын ичинде:

• унааны мас абалда башкарган айдоочулар - 196;

• ылдамдыкты сактабаган айдоочулар-3753; • жол белгилерине баш ийбеген айдоочулар- 4759;

• автоунаанын алдынкы айнегин карангылатып алгандар - 37,

• айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузгандар – 4785;

• жана башка жол эрежелерин бузган -10278 айдоочуга чаралар көрүлүп.

ЖКККББнын убактылуу атайын унаа токтотуучу жайына - 1135 унаа токтотулуп, болжол менен 14 428 900 сом айып салынды.