Ысык-Көл облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери 50 жүргүнчү менен автобусту мас абалда башкарып бара жаткан айдоочуну токтотушту

Ысык-Көл облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери 50 жүргүнчү менен автобусту мас абалда башкарып бара жаткан айдоочуну токтотушту.

Ысык-Көл облусунун Бостери айылынында “Унаа башкаруу” рейддик иш-чаранын алкагында катталган.

2018-жылдын 22-июлунда Ысык-Көл облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан “Неоплан”үлгүсүндөгү 50 жүргүнчү арасында жаш балдар болгон автобус токтотулган.

 Документтерин текшерүү учурунда айдоочудан алкоголдук ичимдиктин жыты келген, кызматкерлер ошол замат айдоочу унаа каражатын башкаруудан убактылуу токтотулуп, медициналык экспертизага жөнөтүлгөн.

 Экспертизанын жыйында  айдоочу мас абалда экендиги аныкталган.Автобустун каттамы Түп–Бишкек болгон.

Автобустун жүргүнчүлөрүнө ЖКККБнын кызматкерлери жүргүнчүлөрдү ташуучу кичиавтобустарды уюштуруп, жүргүнчүлөр өз жолун улантышкан.

Бул фактынын негизинде Казакстандын 1970-жылы туулган Е.К  жаранына  Кыргыз Республикасынын 238 бересине ылайык админстративдик протокол түзүлүп,  санкциянын беренесине ылайык айдоочуга жүз эсептөөчү көрсөткүчү менен айып салынат же болбосо айдоочулук күбөлүгү бир жылга алынат.

Азыркы учурда Ысык-Көл облусу боюнча  ЖКККБнын кызматкерлери териштирүү ишерин жүргүзүүдө.