Тайгалактын себебинен Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолундагы кырсыктан 4 адам каза болду

Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолундагы кырсыктан 4 адам каза болду.
Маалыматка караганда, жол кырсык 3-мартта саат 08:15 чамасында катталган. Анда «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унаа Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 56-чакырымында башкаруусун жоготуп, карама-каршы тилкеге чыгып кеткен.
Бул убакта карама-каршы тилкеде келе жаткан «Ауди 100» унаасы жолдон качууга аракет кылып, «Хонда» унаасынын аркасында келе жаткан «Тойота Алтеза», үлгүсүндөгү унааны сүзүп алган.
Жыйынтыгында, «Тойота Алтеза» унаасынын жүргүнчүсү — 41 жаштагы А.А алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Ошондой эле, 3 жүргүнчү — Ат-Башы районунун тургундары оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүндө каза болушкан. Ал эми «Ауди100» унаасынын 41 жаштагы айдоочусу ооруканага жеткирилген.
Болжолдуу маалыматтарга караганда жол кырсыгына жолдун тайгалактыгы себеп болгон.

Бул боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери башталды.