ДКО өткөрүүдө жол кыймылынын коопсуздугун сактоо

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын  башчысы милицияныны полковниги  Джумагазиев Канат Сагынович  көзөмөлү астында Ыссык-Көл облусунуа ДКО өткөрүүдө жол кыймылынын коопсуздугун сактоо үчүн келишти.

 

 ЖКККББнын кызматкерлери жол кыймылынын коопсуздугун сактоого бардык күч аракетин жумшап, милдеттерин жана ишин  так аткарганга басым жасалууда.

III- дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүүдө жол тескөөчүлөр,  2-сентябрдан 8 сентябрга чейин Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда убактылуу күнү-түнү 9 блок пост иштеп, ЖКККББнын кызматкерлери тастыкталган унаа жолун көрсөтүп турушуат.


 ЖКККББ эсекртет, Көчмөндөр оюнун өткөрүүдө атайын жарандарга жана келген коноктордун кайрылуусуна-1262 тынымсыз байланыш номурун чыгарылып,(чет элден келген конокторго атайын англис тилинде сүйлөгөн оператор каралган), жол  коопсуздугу, өтүүчү жолдордун схемасы жана унаа токтотуучу жайлар тууралуу суроолоруңуз болсо  байланыш номерине чалыңыздар.