Бир жуманын ичинде ЖКККББнын инспекторлору тарабынан- 20 231 жол кыймылынын коопсуздугу бузуу аныкталган
2018-жылдын 17-августунан 23 августунун аралыгында Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖККККББ жана ошодной эле бөлүмдөрү жол кыймылынын коопсуздугу бузуу боюнча 20 231 такталды.
Анын ичинен:
· 2981 айдоочу унааны жогорку ылдамдыкта башкаргандыгы үчүн;
· 589 айдоочу тыюу салуучу жол чырагынан өткөн;
· 1599 айдоочу башка жол кыймылына тоскоолдук жараткан;
· 1965 айдоочу унаа каражатынын чырагын жандырбаган абалда унаа башкарган;
· Унаа каражатын башкарууда коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн- 5133 айдоочуга айып салынган;
· Унаа каражатын мас абалда башкарган- 212 айдоочу кармалган;
· Жол белгилерин сактабагандыгы үчүн- 3193 айдоочуга айып салынган;
· Унаа каражатынын алдыңкы жана каптал айнегин караңгылатуу боюнча-68 айдоочуга иш- чара көрүлгөн.
811 унаа каражаты айып аянтчасына токтотулган.