ЖКККББ   ЖКККБнын кызматкерлерин  жол транспорт кырсыгынан оор жаракат алгандарга  биринчи жардам көрсөтүүдөгү билгичтигин текшерүүнү улантууда

ЖКККББ   ЖКККБнын кызматкерлерин  жол транспорт кырсыгын оор жаракат алгандарга  биринчи жардам көрсөтүүдөгү билгичтигин текшерүүнү улантууда.
 Жол транспорт кырсыгы көпчүлүк учурда  айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин сактабагандыгынан, уюлдук телефонго алаксыганан жана жолдо жүрүүдө шалаакы мамиле кылганын улам келип чыгууда.
ЖКККББнын кызматкерлеринин милдети боюнча  жол транспорт кырсыгы болгон жерге биринчилерден болуп жетип, ар дайым  биринчи жардам көрсөтүп келишет.
 Ошондуктан ЖКККББнын кызматкерлерине биринчи жардамды туура жана өз убагында көрсөтүү эң олуттуу маселелелердин бири. Себеби биринчи жардам туура жана өз убагында көрсөтүлсө адам өмүрүн сактап калуу мүмкүнчүлүгү көбүрөөк. 
2018-жылдын 23-августунда Кыргыз Респуликасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери Кызыл Жарым Ай Кыргызстандын координаторлору менен биргеликте Жалал-Абад облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлерин жол транспорт кырсыгынан жарадар болгондорго тез жардам келегенге чейинки  биринчи жардам көрсөтүүдө билгичтигин, жол транспорт кырсыгынан ар кандай оор жаракат алгандарды жана арасынан боюнча бар айымды атайын театралдаштырып уюштурулуп текшерилди.
ЖКККБнын кызматкерлеринин алдына жол транспорт кырсыгынан жарадар болгондорго туура жана өз убагында биринчи жардам көрсөтүү  тапшырмасы коюлган.  Коюлган тапшырманы мыкты деңгээлде аткарып көрсөтүштү. 
Мындай иш-чара республиканын бардык аймактарында өткөрүү улантылууда.