Бишкек ШИИББнин  ЖКККБнын кызматкерлери автоунаада камалган балдарга жардам көрсөтүштү

Бишкек ШИИББнин  ЖКККБнын билдирүүсүндө, кызматкерлер кызмат учурунда  10 августа болжол менен саат 16:00 БМВ-318 үлгүсүндөгү автоунаада чоңдордун көзөмөлүсүз  балдардын камалып турганын байкаган. Ата-энеси 5-6 жана 8-9  жаштагы балдарды камап, соода түйүнүнө кирип кетишкени маалым болгон. Унаа бекитилгендиктен бир саат аралыгында өздөрү эшик,терезени ача алган эмес.  Кызматкерлер күч менен  алдыңкы айнегин  бираз ачып, балдар алдыңкы орундука отургузуп, ата-энеси келгенге чейин бираз ачылган айнектен дем алып отурушкан. Ошол күнү аба-ырайы 34 градуска чейин ысыган.
Бишкек  ШИИББнин  ЖКККБ  ата-энелерди балдарга сак болуусун жана  транспорт каражатында   чоңдордун көзөмөлүсүз калтырбоого чакырат.
Бул тууралуу Бишкек  ШИИББнин  ЖКККБнын штабынын улук инспектору, милициянын лейтенанты  Адилет Кыдырбаев билдирди.