Бишкек шаардык ЖКККБы, район аралык «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» сынагын өткөрүштү.


Бишкек шаарындаЖол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жана усулдук билим берүүбашкармалыгы райондор аралык «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү-2018»кароо-сынагын өткөрүштү.

Сынактын негизгимаксаты жаш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарын алдын алуу, окуучулардынарасында жол эрежелерин үйрөтүү жана үгүт иштерин жүргүзүү болду.

 Бишкек шаарынын райондорунун мектепокуучуларынын арасындагы кароо-сынакка жалпысынан 26 тайпа катышып, “Саптыккароо”,”жаш регулеровщик”,”болчоктогу айдоочу”,”жол белгилеридин мекени”сыйактуу сынактардан өтүп, ат салышты. Жеңүүчү деп табылган тайпалар жакындаболуучу шаардык сынакка катышууга жолдомо алышты