1-Сентябрда коомдук  транспорт мектеп окуучуларын акысыз ташыйт

1-сентябрда коомдук транспорт мектеп  окуучуларын акысыз ташыйт,мындай макулдашуу ЖКККББ жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча фирмалардын жетекчилери менен жолдордо коопсуздукту камсыздоо темасында жолугушуу учурунда ишке ашырылды.
Балдардын жол-транспорт кырсыктарынан алдын алууга өзгөчө көңүл бурулду. Жолугушуу учурунда тараптар 1-сентябрь — Билим күнүндө республика боюнча 1-11-класстардын окуучуларын коомдук транспортто (автобустар, троллейбустар, кичи автобустар) акысыз ташуу тууралуу макулдашылды.

Мындай акция ЖКККББнын кызматкерлери менен коомдук транспорт айдоочуларынын жолдордо балдардын коопсуздугуна көңүл бурушуна багытталган.