ЖКККБнын кызматкерлери Военно-Антоновкадагы балдар үйүнө үгүт-насаат иш- чарасын өткөрдү
ЖКККБнын Бишкек ШИИБнин кызматкерлери 3 август күнү “Жайкы эс алуу” жана “Көңүл бургула балдар!” аталышындагы үгүт-насаат иш чарасынын алкагында ата-энеси жана кароосуз калган балдар жайгашкан Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө болушту.
Балдар менен жол кыймылынын эрежелери,жол белгилери жана текөөчүнүн кыймыл аракеттерин көрсөтүп окуу үгүт-насаат иш-чарасын өткөрүштү.
“ Жол кыймылынын жаш катышуучулары жүргүнчүлөр өтүүчү жолдон туура өтүү боюнча жерге боор менен сүрөт тартты, сүрөт тартуу балдарга жол кыймылынын эрежелерин жана жол өзүн алып жүрүү маданиятына чакырат ” -, деди Бишкек шаары боюнча ЖКККБнын башкы штабынын башкы инспектору милициянын лейтенанты Адилет Кыдыралиев
Жолгушууда балдар көптөгөн жакшы сезидерди жана таттуу белектерди алышты. Ошондой эле жол кыймылынын эрежелерин сактоого сөз беришти.
Кыргызча
Орусча