ЖКККББ Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлерин жол транспорт кырсыгынан жаракат алгандарга биринчи жардам көрсөтүүсүн текшерди

 Жол транспорт кырсыктары  айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин сактабагандыгынан, уюлдук телефонго алаксыганынан жана жоопкерчиликсиз мамилесинен улам келип чыгат. Көпчүлүк жол транспорт  кырсыктары  ар кандай оор жаракат алуу менен аяктайт.
ЖКККБнын кызматкерлеринин кызматтык милдеттеринин бири , жол транспорт кырсыгы болгон жерге биринчилерден болуп жетүү жана  оор жаракат алган  адамга тез жардам келгенге чейинки жардамды көрсөтүү. Ошондуктан  ЖКККБнын кызматкелери биринчи жардам көрсөтүүдө кесиптик окутуулар жүргүзүлүп,текшерилүүдө. Биринчи жардам туура көрсөтүлсө, анда адамдын өмүрүн сактап калууга мүмкүн .
 2018-жылдын 30-31 июль күндөрүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери жана Кыргызстан  Кызыл Жарым ай  координаторлору менен биргеликте Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлеринин  жол транспорт кырсыгынан оор жаракат алгандарга  биринчи жардам көрсөтүү боюнча билим деңгээли текшерүү үчүн, Бишкек-Торугарт 73км чакырымдагы унаа жолунда балдардын катышуусунда ар кандай оор жаракат алган жол транспорт кырсыгы  атайын театралдаштырылып  уюштурулган.
 ЖКККБкык кызматкерлерине жол транспорт кырсыгына жаракат алгандарга  сапаттуу жана өз убагында биринчи жардам көрсөтүү тапшырмасы коюлган. Тапшырманы мыкты деңгээлде аткарып көрсөтүштү.
 Мындай иш-чаралар республиканын бардык аймактарда жүргүзүлмөкчү.