Жалал-адаб облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери жайкы эс алуучу жайларындагы эс алып жаткан балдарга жарык чагылдыруучу билерикерди белекке беришти

    Жалал-абад облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери  жол кыймылынын коопсуздугу боюнча  үгүт-насаат иштерин байма –бай өткөрүп келүүдө. “Ак жол сага, бөбөгүм!” аттуу үгүт-насаат ишинин алкагында Жалал-абад облусундагы  «Келечек», "Достук" жана  "Зорька" жайкы эс алуу жайларындагы 1000 ашуун эс алуудагы балдар менен биргеликте жол кыймылынын эрежелери  тууралуу ар кандай оюндар жана сынактарды өткөрүлдү. 
Балдарга жол кыймылынын белгилери, жолдо жүрүү эрежелери тууралуу эскертип, тескөөчүнүн кыймыл-аракетин көрсөтүп, жайкы эс алуу убагында скутерди велосипеди кайсыл жактан тебүүнү жана жарык чагылдырган кийимдердин пайдасы тууралуу айтып берип, тажырыйба көрсөткөндөй жайкы эс алуу учурунда балдар жолдо жүрүү эрежесин  унутуп коюууда, ошондой эле эс алууда балдар көп убакыт бош болгондуктан көчөдө жалгыз жүрүп калгандыктан коопсуздугу   үчүн жол кыймылынын коопсуздугун сатоосу жана тартипти бузбоосу өзүнөн көз каранды экендигин түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 
 Иш-чаранын жыйынтыгында балдарга жарык чагылдыруучу билериктердин пайдасын тууралуу эскертип, белекке берилди.
Андан соң кызматкерлер жолдордогу жаш балдарды ташуучу айдоочулар менен маектешип, жаш балдарга жарык чагылдыруучу билериктерди белеке берип, ата-энелерге унаада балдарды ташуу эрежесин эскертип өттү.