Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери каракчылык жасаган жарандарды кармашты

2018-жылдын10-апрель күнү Жалал-Абад облусунун Токтогул РИИБне Сузак районунун  34 жаштагы жашоочусу кайрылып,  10-апрель күнү болжол менен түнкү саат бирлерчамасында “Чычкан” капчыгайынан  азиятулутундагы  төрт адам курал мененкоркутуп,  жабырлану учунун ноутбугун,уюлдук телефонун, 20 000 миң рубль жана 15 000 сом акча каражатын күчколдонуп тартып алышып,  жалпы суммасы 80 000 сомдук материалдык чыгым келтиргенин билдирген.Жогорудагы фактыТоктогул РИИБдин кылмыштарды каттоо китепчесинде катталып,  шектүүлөрдү кармоо үчүн башка бөлүмдөргөбагыттамалар жөнөтүлгөн. 2018-жылдын11-апрель күнү болжол менен саат 10:30 чамасында Сосновка айылында жайгашканЖКККБнын өткөрмө постунан Чүй облусу боюнча ЖКККБнын  Жол көзөмөлдөө кызматынын взводунункызматкерлери шектүү болгон кара түстөгү арткы бампери жок «Вольсваген-Гольф-2»үлгүсүндөгү автоунаасын токтотушкан. Автоунаанын ичинде 21 жаштагы Ж.Б. жанаК.Ч. аттуу Токтогул районунун тургундары бар болушуп, автоунааны текшерүүучурунда ичинен белгисиз үлгүдөгү 2 даана ок, 3 уюлдук телефон жана 2 ноутбуктабылган.Автоунаа жанакармалган жарандар Жайыл РИИБдин тергөө кызматына жөнөтүлүп, иликтөө иштериуланып жатат.