ЖКККББ: Эксплуатациядагы унааларды газга өткөрүүнүн жаңы эрежелери иштелип чыкты
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасынын негизинде, пайдаланууда турган транспорт каражаттарын кайра жабдуу жана газ баллондуу жабдууларды орнотуу процессин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөндүгүн маалымдайт.
Ушуга байланыштуу, аталган жумушчу топ тарабынан “Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын токтомдун долбоору иштелип чыкты.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы №444 токтомуна ылайык, аталган токтом долбоорго жөнгө салуучу таасирин талдоо жүргүзүлүп жатат.
Кыргызкий
Русский