Жалал-Абад облусунун жол тескөөчүлөрү жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочуну кармады.
Жалал-Абад облусунун жол тескөөчүлөрү жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочуну кармады.
2024-жылдын 29-октябрда болжол менен саат 3:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 387-чакырымында Кара-Көл шаарында белгисиз авто унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.
Натыйжада жөө жүргүнчү окуя болгон жерде көз жумган.
Бул факты боюнча ыкчам кармоо иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан Токтогул районунун "Чычкан" көзөмөл өткөрмө жайынан “Мерседес-Бенц 412” үлгүсүндөгү авто унаанын 2001-жылы туулган Ж.А. аттуу айдоочусу кармалып, андан ары тийишүү чара көрүү үчүн, Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
ЖКККББнын басма сөз кызматы.