ЖКККББ: Башаламан соода-сатык жүргүзгөндөргө 627 миң сом айып салынды.
ЖКККББ: Башаламан соода-сатык жүргүзгөндөргө 627 миң сом айып салынды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Жол көзөмөлдөө бөлүмү жол жээгиндеги жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоолдуктарды жаратып, башаламан соода-сатык жүрүзгөн жарандарга карата рейддик иш-чарасын жүргүздү.
Рейд 2024-жылдын 14-октябрдан тартып, 18-октябрга чейин уланып, мөмө жемиштерди, курулуш материалдарын жана суусундуктарды унаа жүрүүчү жолдун жээгине чейин мыйзамсыз сатып жаткан учурлары аныкталды.
Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча башаламан соода-сатык кылган жарандарга карата 209 тийиштүү протоколдор түзүлүп, жалпы 627 миң сом айып пул салынды.
ЖКККББнын басма сөз кызматы.