*КЫЛЫМ ӨТҮП КЕТСЕ ДА,КЫЗМАТЫБЫЗ ЭЛ ҮЧҮН!*

*КЫЛЫМ ӨТҮП КЕТСЕ ДА,КЫЗМАТЫБЫЗ ЭЛ ҮЧҮН!* 


Кыргыз Республикасынын милициясынын 100 жылдыгына карата ИИМдин Ардагерлер Кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы полковниги Бакыт Сеитов баштаган жалпы ардагерлердин демилгеси менен жыйын өткөрүлдү. Анда, 100 жылдыкка карата даярдалып жаткан кесиптик-маданий иш чаралар жана азыркы мезгилдеги жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо  боюнча  көйгөйлүү  маселелерди ардагерлер    менен  чогуу талкуулашты.

Кызмат  учурунда каза болгон кызматкерлердин,  ошондой эле аксакал ардагерлерибиздин үй бүлөлөрүнөн, жакындарынан кабар алып жардам берүү маселеси көтөрүлдү. Жол эрежелерин үйрөтүү жана сактоо багытында өткөн тегерек стол, телевикторина туурасында сөз болду.

Ардагерлердин басып өткөн байсалдуу жолдорун телевидение, массалык маалымат каражаттары аркылуу жеткирүү керек экендиги айтылды. 

Ардагерлер жетекчиликке, ИИМдин Ардагерлер Кеңешинин төрагасы Бакыт Сеитовго  дем-күч беришип, ыраазычылыктарын билдиришти. Бакыт Сеитов өз сөзүндө ИИМдин алгылыктуу жетишкендиктерин баса белгилеп өттү.