ЖКККББ: 272 мотоцикл айып короо жайына токтотулду.

ЖКККББ: 272 мотоцикл айып короо жайына токтотулду.


Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан мототранспорт каражаттарынын айдоочуларынын катышуусунда жол кырсыктарынын алдын алуу,  алардын жоопкерчилигин жогорулатуу  максатында өлкө аймагында 11-22-сентябрга чейинки аралыкта рейддик иш-чара өткөрүлүп, жол эрежесин бузган жалпы 2690 мопед жана мотоцикл аныкталган.

Алардын ичинен:

-243 мото айдоочу тийиштүү докумменттери жок болгон;

-521 мото айдоочу мотошлемдерди пайдалануу эрежелерин бузушкан;

-2 мото айдоочу мас абалында айдап жүргөндүгү аныкталган.

-985 мото айдоочу жолдун туура эмес жерлеринен айдашкан.

-166 мото айдоочу жана башка жол эрежелерин бузушкан.

Ошондой эле тийиштүү докумменттери жок 272 мототранспорт каражаты убактылуу токтуучу   айып короо жайына токтотулган.


ЖКККББнын басма сөз кызматы.