ЖКККББ: Туура эмес жерлерден өтүшкөн 261 жөө жүргүнчүгө 1000 сомдон айып салынды.

ЖКККББ: Туура эмес жерлерден  өтүшкөн 261 жөө жүргүнчүгө 1000 сомдон айып салынды.


Жыл башынан тартып, сегиз ай аралыгында өлкө аймагында  жөө жүргүнчүлөдү сүзүп кетүү фактысы менен коштолгон 1610 жол кырсыгы катталып, 1633 жарандарыбыз ар кандай жаракаттарды алышкан. Анын ичинен жөө жүргүнчүлөрдүн күнөөсү менен 142 жол кырсыгы катталып,  13 жөө жүргүнчү көз жумган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу  5,9 пайызга азайганы менен бүгүнкү күндө дагы эле болсо кооптуу көйгөй болуп калууда. 

Ошого байланыштуу жол кырсыктарына чоң жолдордо туура эмес жерлерден өтүшкөн жөө жүргүнчүлөр да себеп болуп жаткандыгын эске алып, ЖКККББгы тарабынан жөө жүргүнчүлөр катышкан жол кырсыктарынын алдын алуу, жөө жүргүнчүлөрдүн жолдордун тыюу салынган жерлеринен өтпөөсү, жол чырактардан, жөө өткөөлдөрдөн гана өтүүсүн жеткирүү,  түшүндүрүү максатында өлкө аймагында 17-сентябрдан тартып, 17-октябрга чейин бир айлык “жөө жүргүнчү” аталышында профилактикалык рейддик иш-чарасын өткөрүүдө.

Үч күн аралыгында туура эмес жерлерден өткөн 261 жөө жүргүнчүлөргө 1000 сомдон айып салынып, ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.


ЖКККББнын басма сөз кызматы.