ЖКККББ: Алдын ала маалымат боюнча өлкө аймагында бир жума ичинде 20 109 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
ЖКККББ: Алдын ала маалымат боюнча өлкө аймагында бир жума ичинде
20 109 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2024-жылдын 9-сентябрдан тартып, 15-сентябрга чейин, алдын ала маалымат боюнча 20 109 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-611;
-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -207;
-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-66;
-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-522;
-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3 478;
-Авто ээнбаштык - 9;
-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4 206;
-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 5;
-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –11005;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 22 03 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
ЖКККББнын басма сөз кызматы.