Кезектеги КМШ өлкөлөрүнүн Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн кароо-сынагы Тажикстанда өткөрүлөт.

Кезектеги  КМШ өлкөлөрүнүн Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн кароо-сынагы Тажикстанда өткөрүлөт.


21-24-август күндөрү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин арасында Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн отряддарынын эл аралык кароо-сынагы кереметтүү Ысык-Көлүбүздүн Чолпон-Ата шаарында өткөрүлүп, ага алты мамлекеттин катарында өзүнүн катышуучуларын жетектеп келген Тажикстан Республикасынын ИИМдин Мамлекеттик авто инспекциясы башкармалыгынын башчысы милициянын генерал-майору Рустам Тагоймурод да келип, аны ИИМдин ЖКККББнын башчысы милициянын полковниги Жеңишбек Жоробеков тосуп алган.


Эл аралык кароо-сынактын жүрүшүндө Рустам Тагоймурод Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары  милициянын генерал-майору  Октябрь Урмамбетов жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары  милициянын генерал-майору   Нурбек Абдиев менен да  жолугуп, өлкөбүздөгү өтүп жаткан иш-чарага толугу менен күбө болгон.


Жыйынтыктоо учурунда Рустам Тагоймурод сөз сүйлөп, КМШ өлкөлөрүнүн Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн кароо-сынагы жогорку деңгээлде өткөндүгүн баса белгилеп, уюштуруучулар тарабынан иш-чаранын ар бир бөлүгүнө өзгөчө көңүл бурулгандыгын жогору баалап,  баардык катышуучуларга жана туура, акыйкат чечим чыгарган калыстар тобуна терең ыраазычылыгын билдирген.  Ошондой эле бул иш-чара КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты, ынтымак-достукту бекемдеп,  өсүп келе жаткан жаш муундарга таалим тарбия тартуулаган, эң негизгиси коопсуздукка, жол эрежелерин сактоого багытталгандыгын эске алып, кийинки КМШ мамлекеттеринин Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн кароо-сынагы Тажикстан Республикасында өткөрүлөөрүн баса белгилеген.



ЖКККББнын басма сөз кызматы.