Унаанын конструкциясына өзгөртүү киргизүүгө уруксат алуу жер-жерлердеги бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүлөт. ЖКККББнын борбордук аппаратынан берилбейт.

Унаанын конструкциясына өзгөртүү киргизүүгө уруксат алуу жер-жерлердеги бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүлөт. ЖКККББнын борбордук аппаратынан  берилбейт.


🔹ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын борбордук аппараты газ-баллон  жабдууларын орнотууга же унаанын конструкциясына өзгөртүү киргизүүгө уруксат  берүү  милдетин ЖКККББнын жер-жерлердеги башкармалык жана бөлүмдөрүнө өткөрүп берди. 

🔹Мындан ары ЖКККББнын борбордук аппараты үстүнөн көзөмөл гана жүргүзөт. 

🔹Газ-баллон  жабдууларын орнотууга же унаанын конструкциясына өзгөртүү киргизүүгө уруксат алуу үчүн төмөнкү докумменттерди топтоо зарыл.

🔹1) алдын ала техникалык экспертиза жүргүзүү үчүн:

- жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүмчөсүнүн жетекчисинин атына жазылган арыз;

- паспорттун көчүрмөсү;

- транспорт каражатына менчик укугун күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү (транспорт каражатынын каттоо күбөлүгү), техникалык күбөлүк);

- транспорт каражатына ээлик кылуу же пайдалануу (тескөө) укугун ырастоочу документ (ишеним кат);

 - кайра жабдууга дайындалган эскиздик долбоорду (чийме).

🔹2) конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөр менен транспорт каражатынын коопсуздук талаптарына шайкештиги жөнүндө сертификатты алууга төмөнкү докумменттер керектелет.

- эксперттик комиссиянын корутундусу (эксперттик комиссиянын корутундусу жоголсо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же анын аймактык бөлүмү тарабынан берилген дубликат жарактуу болот);

- транспорт каражатынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн аткарылган иштердин көлөмү жана сапаты жөнүндө маалымкат;

- конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөр менен транспорт каражатын техникалык кароонун диагностикалык картасы;

- транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө сертификат;

-техникалык кароонун  диагностикалык картасы.