Унаанын конструкциясына өзгөртүү киргизүүгө уруксат алуу жер-жерлердеги бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүлөт. ЖКККББнын борбордук аппаратынан берилбейт.
Унаанын конструкциясына өзгөртүү киргизүүгө уруксат алуу жер-жерлердеги бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүлөт. ЖКККББнын борбордук аппаратынан берилбейт.
🔹ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын борбордук аппараты газ-баллон жабдууларын орнотууга же унаанын конструкциясына өзгөртүү киргизүүгө уруксат берүү милдетин ЖКККББнын жер-жерлердеги башкармалык жана бөлүмдөрүнө өткөрүп берди.
🔹Мындан ары ЖКККББнын борбордук аппараты үстүнөн көзөмөл гана жүргүзөт.
🔹Газ-баллон жабдууларын орнотууга же унаанын конструкциясына өзгөртүү киргизүүгө уруксат алуу үчүн төмөнкү докумменттерди топтоо зарыл.
🔹1) алдын ала техникалык экспертиза жүргүзүү үчүн:
- жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүмчөсүнүн жетекчисинин атына жазылган арыз;
- паспорттун көчүрмөсү;
- транспорт каражатына менчик укугун күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү (транспорт каражатынын каттоо күбөлүгү), техникалык күбөлүк);
- транспорт каражатына ээлик кылуу же пайдалануу (тескөө) укугун ырастоочу документ (ишеним кат);
- кайра жабдууга дайындалган эскиздик долбоорду (чийме).
🔹2) конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөр менен транспорт каражатынын коопсуздук талаптарына шайкештиги жөнүндө сертификатты алууга төмөнкү докумменттер керектелет.
- эксперттик комиссиянын корутундусу (эксперттик комиссиянын корутундусу жоголсо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же анын аймактык бөлүмү тарабынан берилген дубликат жарактуу болот);
- транспорт каражатынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн аткарылган иштердин көлөмү жана сапаты жөнүндө маалымкат;
- конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөр менен транспорт каражатын техникалык кароонун диагностикалык картасы;
- транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө сертификат;
-техникалык кароонун диагностикалык картасы.