ЖКККББнын жумушчу тобу КМШ өлкөлөрүнүн Жол кыймылынын жаш тескөөчүсү (ЮИДД) кароо-сынагын өткөрүүчү жайынын даярдыгы менен жеринен таанышты.

ЖКККББнын жумушчу тобу  КМШ өлкөлөрүнүн Жол кыймылынын жаш тескөөчүсү (ЮИДД) кароо-сынагын өткөрүүчү жайынын даярдыгы менен жеринен таанышты.


Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тапшырмасына ылайык, 2024-жылдын 21-24-август күндөрү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин арасында Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн отряддарынын эл аралык кароо-сынагы Ысык-Көл берметинин жээги “Дельфин” пансионатында өткөрүлөт. Ошол себептүү ЖКККББнын башчысы милициянын поковниги Жеңишбек Жоробеков кароо-сынактын өткөрүлүүчү жайынын   даярдыгы менен жеринен таанышып, аныкталган кемчиликтерди жана аткарылуучу жасалгалоо, жабдыктоо  иштеринин тез аранын ичинде бүтүрүү  боюнча эл аралык кароо-сынагынын уюштуруу камитетине талап-тапшырмаларды койду.


Башкы башкармалыктын жетекчи келген конокторду тосуп алып, аларды жайгаштырууда  жаткыруучу бөлмөлөрүнүн абалын, кароо-сынагы өткөрүлүүчү  жайды жасалгалоо, жабдыктоо жана техникалык абалын, суу жээгиндеги коопсуздуздук чараларын, маданый жана спорттук аянтчаларын,  тамактануучу жайларын жеринен көрүп, кароо-сынагынын уюштуруу камитетине бул өспүрүмдөрдүн катышуусундагы эл аралык деңгээлдеги иш-чараны  кемчиликсиз жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча көчмө жыйын өткөрүлүп,  тийиштүү иш-мерчемдерди иштеп чыгууну, уюштурууну, даярданууну  күчөтүү боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.



ЖККББнын басма сөз кызматы.