Транспорт каражаттарында жарнама жайгаштыруу боюнча маалымат

Транспорт каражаттарында жарнама жайгаштыруу боюнча

маалымат

 

Кыргыз Республикасынын «Жарнама жөнүндө» Мыйзамынын 15-беренесине ылайык транспорт каражаттарындагы жарнаманы чектөө жана таркатылышына тыюу салуу учурлары кыймыл коопсуздугун камсыздоо максаттарында ушуга ыйгарым укуктары бар, алардын компетенциясына жол кыймылынынын коопсуздугун контролдоо кире турган органдар тарабынан аныкталышат. Транспорт каражаттарында жайгаштырылган жарнама кыймыл коопсуздугуна коркунуч туудурбашы, анын ичинде транспорт каражаттарын башкарган адамдарга жана жол кыймылынын башка катышуучуларына жолду көрүүсүн чектебөөгө тийиш. Баяндалганды эске алуу менен, жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы №421 токтому менен бекитилген Транспорт каражаттарын колдонууга киргизүү боюнча жана кызмат адамдарынын жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо боюнча негизги жоболордун 22-пунктунун талаптарына ылайык, жарнамалардын, фотосүрөттөрүнүн, жазуулардын ар түрдүү түрлөрүн транспорт каражаттарын тартуу, ошондой эле негизги түсүн өзгөртүү, ага теңдеш эле эмблемаларды тартуу Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын уруксатына ылайык жүзөгө ашырылат. Ошентип, транспорт каражатын ушул транспорт каражатында жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч жаратуучу элементтердин (жарнаманын, фотосүрөттөрдүн, жазуулардын ар түрдүү түрлөрүн тартуу) бар болуусуна карата баа берүү Кыргыз Республикасынын ИИМдин компетенциясына кирет.

Ошону менен бирге белгилеп кетсек, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2022-жылдын 31-мартындагы № 264 «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн Жол көзөмөлдөө уюштуруу боюнча нускамасын бекитүү жөнүндө» буйругунун 95-пунктунун талабына ылайык транспорт каражаттарынын сырткы беттерине жарнама жайгаштырууну макулдашууКыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнынжол көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан ишке ашырылат.

Транспорт каражаттарынын сырткы беттерине жарнама жайгаштыруу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо тармагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, эрежелеринин, стандарттарынын, техникалык ченемдеринин жана башка ченемдик документтердин аткарылышына мамлекеттик көзөмөлдөөнү жана контролдоону жүзөгө ашыруунун жардамы менен жүргүзүлөт.

 

Белгилеп кетсек, бул кызмат акысыз көрсөтүлөт.

 

 

 

 

 

 

Информация

о нанесении рекламы на транспортных средствах

 

В соответствии со статьей 15 Закона КыргызскойРеспублики «О рекламе» случаи ограничения и запрещения распространения рекламы на транспортных средствах в целях обеспечения безопасности дорожного движения определяются Правительством Кыргызской Республики

Вместе с темсогласно требованиям пункта 22 Основных положений по допуску транспортных средств к эксплуатации и обязанности должностных лиц по обеспечению безопасности дорожного движения, утвержденных постановлением Правительства Кыргызской Республики от 4 августа 1999 года №421, нанесение различного вида реклам, фотографий, надписей на транспортном средстве, а также нанесение эмблем осуществляется по согласованию с уполномоченным органом в сфере обеспечения безопасности дорожного движения

В соответствии с требованиями пункта 95Приказа МВД Кыргызской Республики от 31 марта 2022 года № 264 «Об утверждении инструкции по организации регулирования дорожного движения структурных подразделений Главного управления безопасности дорожного движения МВДКыргызской Республики» размещение рекламы на наружных поверхностях транспортных средствсогласовывается с ГУОБДД МВД Кыргызской Республики.

Следует отметить, что согласно требованиям статьи 5 Закона Кыргызской Республики «О дорожном движении в Кыргызской Республике» обеспечение безопасности дорожного движения осуществляется посредством осуществления государственного надзора и контроля завыполнением законодательства КыргызскойРеспублики, правил, стандартов, технических норм и других нормативных документов в области обеспечения безопасности дорожного движения.

Данная услуга предоставляется на безвозмездной основе.