Газ-баллон жабдууларын орнотууга же унаанын конструкциясына өзгөртүү киргизүүгө уруксат алуу жер-жерлердеги бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүдөт. ЖКККББнын борбордук аппаратынан берилбейт.

Газ-баллон  жабдууларын орнотууга же унаанын конструкциясына өзгөртүү киргизүүгө уруксат алуу жер-жерлердеги бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүдөт.  ЖКККББнын борбордук аппаратынан  берилбейт.


ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын борбордук аппараты газ-баллон  жабдууларын орнотууга же унаанын конструкциясына өзгөртүү киргизүүгө уруксат  берүү  милдетин ЖКККББнын жер-жерлердеги башкармалык жана бөлүмдөрүнө өткөрүп берди. 

Мындан ары ЖКККББнын борбордук аппараты үстүнөн көзөмөл гана жүргүзөт. 

Газ-баллон  жабдууларын орнотууга же унаанын конструкциясына өзгөртүү киргизүүгө уруксат алуу үчүн төмөнкү докумменттерди топтоо зарыл.

1) алдын ала техникалык экспертиза жүргүзүү үчүн:

- жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүмчөсүнүн жетекчисинин атына жазылган арыз;

- паспорттун көчүрмөсү;

- транспорт каражатына менчик укугун күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү (транспорт каражатынын каттоо күбөлүгү), техникалык күбөлүк);

- транспорт каражатына ээлик кылуу же пайдалануу (тескөө) укугун ырастоочу документ (ишеним кат);

 - кайра жабдууга дайындалган эскиздик долбоорду (чийме).

2) конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөр менен транспорт каражатынын коопсуздук талаптарына шайкештиги жөнүндө сертификатты алууга төмөнкү докумменттер керектелет.

- эксперттик комиссиянын корутундусу (эксперттик комиссиянын корутундусу жоголсо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же анын аймактык бөлүмү тарабынан берилген дубликат жарактуу болот);

- транспорт каражатынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн аткарылган иштердин көлөмү жана сапаты жөнүндө маалымкат;

- конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөр менен транспорт каражатын техникалык кароонун диагностикалык картасы;

- транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө сертификат;

-техникалык кароонун  диагностикалык картасы.

Эгерде тийиштүү суроо талаптар болсо төмөндөгү нөөмөт бөлүмүнүн  номурларына кайрылсаңыздар болот.

Бишкек шаары (0509) 102 122;

Ош шаары (0709) 617-780;

Ош облусу (03222) 7-01-94;

Талас облусу (03422) 5-31-76;

Баткен облусу (03622) 5-09-56;

Нарын облусу (03222) 7-01-94;

Ысык-Көл облусу (0504) 223-397;

ЖКККББгы (0777) 102-102





ЖКККББнын басма сөз кызматы.