Туристтик мезгил учурунда коопсуздукту күчөтүү багытында ыкчам кеңешме өткөрүлдү

Туристтик мезгил учурунда  коопсуздукту күчөтүү багытында  ыкчам кеңешме өткөрүлдү


ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Жеңишбек Джоробековдун жетектөөсү менен Бишкек, Ош шаарлары  жана  жер-жерлердеги ЖКККБнын башчыларынын катышуусунда жайкы туристтик мезгилди жол кырсыксыз өткөрүү, биринчи жарым жылдыкты ийгиликтүү жабууга даярдык көрүү жана кызматкерлердин мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоолору боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү.


Анда жер-жерлердеги ЖКККБнын кызматкерлеринин жогорудагы үч багыттагы аткарылып жаткан иштеринин жыйынтыктары талкууланып, аныкталган кемчиликтерди орундатуу боюнча жетекчилик тарабынан  тийиштүү талап тапшырмалар коюлду.


Ыкчам кеңешменин  соңунда Жеңишбек Джоробеков төмөнкүдөй тапшырмаларды берди.

-Жол кырсыктарынын алдын алууда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен чогуу кызматташуу менен жол кырсыгы көп катталган кооптуу аймактарды аныктап, ошол жолдорго күзөт ордуларын күчөтүү; -Кызматкерлер арасында мыйзамдуулукту, кызматтык тартипти сактоо үчүн, ачык  жана жашыруун  текшерүүлөрдү жүргүзүү менен жоопту кызматкерлер тарабынан көзөмөлдү күчөтүү.

-Жаш, жаңы дайындалган  кызматкерлердин ишмердүүлүгүн жогорулатуу үчүн кызматкерлер арасындагы тажрыйбасы жогору  кызматкерлерден насаатчыларды дайындоо. -Жаш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарынын алдын алууда таасирдүү агитациялык пропагандалык иштерди күчөтүү,  ошондой эле жайкы туристтик мезгил учурунда чет өлкөдөн келген конокторго сылык мамиле кылуу менен багыт берүү, жол көрсөтүү өңдүү тейлөө кызматтарын да көрсөтүү. 


ЖКККББнын Басма сөз кызматы