ЖКККББ: Коопту жүк ташыган унаалар текшерилип 12 миң сом айып салынды.

ЖКККББ: Коопту жүк ташыган унаалар текшерилип 12 миң сом айып салынды. 


Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Жол көзөмөлдөө бөлүмү жетекчиликтин тапшырмасы менен жол кырсыктарынын алдын алуу максатында  Бишкек-Ош багыты боюнча  оор жана коопту жүк ташыган унааларды текшерип, жыйынтыгында аныкталган 4 айдоочуга Кыргыз Республикасынын Укук бузуу Кодексинин 195-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, коопту жүк ташуу эрежесин бузгандыгы үчүн ар бирине 3  миң сомдон жалпысынан 12 миң сомго айып салышты.

Ошондой эле Жол көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан  коопту жүктөрдү ташууда баардык коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.


ЖКККББнын басма сөз кызматы.