“Өткөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт”. Эскерүү спорттук иш-чарасы өткөрүлдү.

“Өткөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт”. Эскерүү спорттук иш-чарасы өткөрүлдү.


25-26-июнь күндөрү Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрү жана укук коргоо органдарынын арасында Ырысбек, Чайка Керимбаевдердин жаркын элестерине  арналган кичи футбол боюнча “Динамо” коомдук бирикмесинин салттуу Чемпионаты өткөрүлдү.


Анда Кыргыз Республикасынын УКМКнын, Коргоо министрлигинин, Жазаларды аткаруу кызматынын, Сот департаментинин жана ИИМдин түзүмдөрүнөн турган жалпысынан 12 курама командалары катышып,  кичи футбол боюнча  эки күн күч сынашты.  Жыйынтыгында биринчи орунду ИИМдин Күз кызматы, экинчи орунду Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, ал эми үчүнчү орунду ИИМдин ЖКККББгы ээлеп, байгелүү сыйлыктарга ээ болушту.


Мелдештин соңунда ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси милициянын полковниги Жеңишбек Жоробеков оюнчуларга сыйлыктарды ыйгарып, бул мелдеш өмүрүн күч түзүмдөрүнө жана укук коргоо тармагына арнап, эмгегин элдин коопсуздугуна багыштаган бир туугандардын жаркын элестерин эскерүү, жана күч түзүмдөрүнүн ортосундагы ынтымакты, кызматташтыкты бекемдеп, күжүрмөн даярдыгын жогорулаткан тарбиялык мааниси терең  иш-чара болуп жаткандыгын баса белгилеп, уюштуруучуларга жана жалпы  катышуучуларга терең ыраазычылыгын билдирди.


Эскерүү спорттук иш-чаранын соңунда уюштуруучулар жана бир тууган Керимбаевдердин үй-бүлөсүнүн атынан  жалпы катышуучуларга сый тамак уюштурулуп, Ырысбек, Чайка Керимбаевдердин жаркын элестерине куран окутулду.



ЖКККББнын басма сөз кызматы.