ЖКККББ: Рейддик иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча онлайн кеңешме өткөрүлдү

ЖКККББ: Рейддик иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча онлайн кеңешме өткөрүлдү


Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары  милициянын подполковниги Эмил Жакыповдун жетектөөсү менен жер-жерлердеги ЖКККБнын башчыларынын катышуусунда рейддик иш-чараларды жыйынтыктоо жана биринчи жарым жылдыкты жабууга даярдык көрүү боюнча онлайн кеңешме өткөрүлдү.


Анда ЖКККББнын Транспорт ишин жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмү тарабынан коомдук транспортторго  карата жер-жерлерде өткөрүлгөн рейддик иш-чаралардын жыйынтыгы чыгарылып, толук кандуу иш жүргүзө албаган жетекчилердин жоопкерчилиги каралып, аныкталган кемчиликтерди тез арада оңдоо боюнча талап коюлду.


Ыкчам кеңешменин соңунда Эмил Жакыпов коомдук тарнспорттор менен катышкан жол кырсыктарын алдын алуу максатында автобекеттерде жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук унаалардын техникалык абалына, лицензиялык талаптарга  жооп берүүлөрүнө, айдоочулардын жол эреже бузууларын түз жөнөтүү үчүн коомдук унааларга ишеним номурларын  жайгаштырууну табыштады. Андан сырткары, ал туристтик мезгил учурунда айдоочулар  "Бишкек-Каракол" багыты боюнча жогорку ылдамдыкта айдоосуна жол бербөө үчүн күзөт ордуларын күчөтүү зарыл экендигин эскертти.



ЖКККББнын Басма сөз кызматы