ИИМ: Жайкы туристтик сезон убагында жол кыймылынын коопсуздугу заманбап санарип техникалар менен жабдылган кызматтык унаалар менен камсыздалды

ИИМ: Жайкы туристтик сезон убагында жол кыймылынын коопсуздугу заманбап санарип техникалар менен жабдылган кызматтык унаалар менен камсыздалды  


Санариптешүүнүн алкагында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында унаалар, GPS жана видео көзөмөлү орнотулуп ишке киргизилди, GPS жана видеорегистраторлор глобалдык позициялоо тутумуна туташтырылган. 


Учурда кырдаал борборунун кызматкерлери монитордон жалпы көрүнүштү карап, тигил же бул кызматтык унаа кайда жүргөнүн, кызматкерлер  эмне кылып жатканы көрүп турушат. Унаанын алды-арты жана салонунда камера орнотулуп, болуп жаткан кыймыл-аракеттин баары мониторинг борборунда онлайн жазылып турат. Ошондой эле, кызматкердин көкүрөгүнө боди камералар дагы үзгүлтүксүз иштеп, кызматкерлердин ишмердүүлүгү, иш тартиби жана мыйзамдуулугу ушул камералар аркылуу көзөмөлдөнүп турат. Жол эрежесин бузган айдоочулар менен сүйлөшүү учурунда кызматкер кандайдыр бир коррупциялык мүнөздөгү аракеттерине таптакыр мүмкүнчүлүк берилбейт. Себеби, бул камералар аркылуу видео, аудио жазуу үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат. 

Мындай онлайн иштөө тартиби менен Ошто, Бишкек шаарынан тарта, Ысык-Көлгө чейин жол кыймылына көзөмөл жүргүзүүлүүдө. Ошого байланыштуу, туристтик мезгилдин аякташына чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. 


 Бишкек шаарларында жана Ысык-Көлдү бойлой GPS жана видео көзөмөл орнотулган  унаалар иш алып барууда. Ошондой эле,  «Ураган» стационардык видеокамералары, жана  “АвтоУраган” автоматтык программалык комплекстер орнотулган, кыймылда жүргөн унналар иш алып барып, 24 саат көзөмөлгө алууда. Башкы максат эс алууга, келген туристтерге ыңгайлуу шарт түзүү.


Бул тутум бардык климаттык чөлкөмдө, унаа жолдорунда жана көчө кесилиштерде унаалардын кыймылын көзөмөлдөөдө активдүү колдонулуп жатат. АвтоУраган мурда каттоосу токтотулган издөөдө жүргөн унаа каражаттарын, жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен унаа каражаттарын жана айдоочуларды аныктоо жана издөөнүн натыйжалуу куралы болуп саналат.


ИИМдин мониторинг борбору орнотулган автоматташкан маалымат системасынын жардамы менен бир эле убакта өлкөнүн жолдорунда болуп жаткан окуялар тууралуу маалымат алып иш алуп барууда. Бүгүнкү күнү, жол коопсуздугун көзөмөлдөөчү заманбап технологиялар киргизилгенден бери  жол кырсыктарынын саны бир нече эсеге азайды.  


ИИМдин Басма сөз кызматы